Шавкат Мирзийоевдин Кыргыз мамлекетине иш сапары күтүлүүдө

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев кийинки жумада Кыргыз мамлекетине келүүнү пландап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта президент Алмазбек Атамбаев Ош облусундагы иш сапарында Өзгөн районунун жашоочулары менен жолугушууда билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Атамбаев жакында Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун келгенин, 26 жылдан бери Кыргыз жергесине биринчи жолу өзбек өкмөт башчысы келгенин белгиледи. Ошондой эле Атамбаев чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын айтты.

Эске салсак, бүгүн Алмазбек Атамбаев Ош облусуна иш сапары менен барган. Анда жаратылыш кырсыгынын кесепетинен жабыр тарткан Өзгөн, Чоң-Алай райондорунун жашоочулары менен жолугушуусу пландалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан