Борбордук шайлоо комиссиясы Адахан Мадумаров менен Эрнис Зарлыковду президенттикке талапкер катары каттады. Бул тууралуу 30-августта БШКнын маалымат кызматы билдирди. Мадумаров БШКга 43 303 жарандын колун топтогону боюнча баракчаларды тапшырып, анын 36 128и жарактуу деп табылган. Ал эми Зарлыков 48 075 жарандын кол тамгасын тапшырып, 40 510у жарактуу болуп чыккан эле.
30-августка карата 6 адам президенттикке талапкер болду. Буга чейин Темир Сариев, Өмүрбек Бабанов, Сооронбай Жээнбеков жана Бакыт Төрөбаев расмий түрдө президенттикке талапкер катары катталган.
Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.