Алмазбек Атамбаев: "Эгер мурда чет өлкөлөрдө мекенибизди митингдер менен таанышса, бүгүнкү күндө таза шайлоо менен таанышат"

Бүгүн, 31-августта Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата майрамдык иш-чара өтүүдө. Анын жүрүшүндө президент Алмазбек Атамбаев кыргыз элин бул майрам менен куттуктап, чет өлкөдө Кыргыз Республикасын эмнелер менен тааныганын айтты.

"Мурда Кыргыз мамлекетин жол тосуулар, митингдер, электр энергиясынын же газдын өчүрүлүшү, коңшу өлкөлөр чыр-чатактар менен таанышса, бүгүнкү күндө таза шайлоо, Көчмөн оюндары менен таанышат. Өлкөбүз, элибиз, жарандарыбыз өзгөрдү. Биз улуттук кызыкчылыктарыбызды коргогонду үйрөндүк. Бүгүн Кыргыз өлкөсү туристтер үчүн коопсуз, ишенимдүү болуп саналат. Буга биз 5-6 жылда жеттик", - деди ал.

"Бардыгыңыздарды Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгы менен куттуктайм. Бүгүн соңку тарыхтын 26 жылдыгын жыйынтыктап жатабыз. Кыргыздын колдоочусу бар деген чын, тарыхтын таш боор сыноолорунан сактап келе жатат. Ал ортодо канчалаган элдер өз мамлекетине жете албай жүрүп, жок болду. Канчасы дагы эле эгемендүүлүктү эңсеп, кор болуп жүрүшөт. Ата-бабаларыбыз көз карандысыздыкка, эркиндикке карай узак жол, бийик ашууларды басты. 1991-жылы жараткан элибизге эгемендүү мамлекет куруп алуу үчүн дагы бир мүмкүнчүлүк берди. Бар болсун, айланайын кыргыз элим, бар болгун", - деди Атамбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан