Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан кыздар арасындагы көчө футболу боюнча Дүйнө чемпиондугунда Кыргыздын курама командасы Венгрия курамасы менен беттешип жеңишке жетти.
Бүгүн, 31-августта Кыргыз курама командасы Венгрия футболчулары менен кез келген. Анда Кыргыз футболчулары 8:1 эсебинде жеңип алды. Алгачкы таймда Кыргыздын кыздары 3 жоопсуз гол киргизгенге үлгүрдү. 2-таймда Кыргыз курамасы чабуулда мыкты ойноп 5 гол жаратты. Ал эми Венгрия курамасы 1 гол менен жооп берди.
Кийинки беттеште Кыргыз курама командасы Индия курама командасы менен кез келет.
Эскерте кетсек, буга чейин Кыргыз спортчулары Франция курамасы менен беттешип 7:4 эсебинде жана Египет курамасы менен болгон беттеште 6:1 эсеби менен жеңишке жетишкен.
Маалымдай кетсек, 2016-жылы Шотландияда өткөн кыздар арасындагы көчө футболу боюнча Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз курама командасы 6 команданын ичинен 2-орунду ээлеген.