Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан кыздар арасындагы көчө футболу боюнча Дүйнө чемпиондугунда Кыргыздын кыздар курама командасы Египет менен беттешип жеңишке жетти. Бул тууралуу Кыргыз курама командасынын машыктыруучусу Гүлбара Уматалиева билдирди.
"30-августта Кыргыз курама командасы Египеттин футболчулары менен беттешип 6:1 эсебинде жеңип алды. Бүгүн, 31-августта Кыргыз курама командасы Венгрия жана Индия курамалары менен ойнойт", - деди Гүлбара Уматалиева.
Буга чейин 29-августта Кыргыз кыздар курама командасы Франциянын футболчулары менен беттешип 7:4 эсебинде жеңип алган.
Маалымдай кетсек, 2016-жылы Шотландияда өткөн кыздар арасындагы көчө футболу боюнча Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз курама командасы 6 команданын ичинен 2-орунду ээлеген.