Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан кыздар арасындагы көчө футболу боюнча Дүйнө чемпиондугунда Кыргыздын кыздар курама командасы Франция менен беттешип жеңишке жетти. Бул тууралуу Кыргыз курама командасынын машыктыруучусу Гүлбара Уматалиева билдирди.
Маалыматка ылайык, 29-августта Кыргыз курама командасы Франциянын футболчулары менен беттешип 7:4 эсебинде жеңишке жетишкен. Кийинки беттеш бүгүн, 30-августта Египет курамасы менен өтөт.
Маалымдай кетсек, 2016-жылы Шотландияда өткөн кыздар арасындагы көчө футболу боюнча Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз курама командасы 6 команданын ичинен 2-орунду ээлеген.