Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 2-сентябрда президенттик аппараттын башчысы Алмаз Үсөновду кабыл алды.
Жолугушууда Кыргыз Республикасын 2040-жылга чейин туруктуу өнүктүрүү стратегиясын даярдоодогу иштин жүрүшү, президенттин тапшырмаларынын аткарылышы тууралуу талкуу болгонун президенттик аппараттын маалымат кызматы кабарлады.
Өлкө жетекчиси маанилүү долбоорлорду сапаттуу жана өз убагында ишке ашырууга тийиштүү көзөмөлдү жүргүзүү жаатында тапшырмаларды берди.