Азимбек Бекназаров президенттикке талапкер болуп катталды

Мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаров президенттикке талапкер катары расмий катталды. Мындай чечим 2-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында кабыл алынды.

Буга чейин Бекназаровдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан БШКга 56 миң 439 адамдын колу коюлган барактар тапшырылган. Жумушчу топ аларды карап чыгып, 25 миң 70 адамдын колун жараксыз десе, 31 миң 369 адамдын колун анык деп тапкан.

2-сентябрга карата 7 адам президенттикке талапкер болду. Буга чейин Темир Сариев, Өмүрбек Бабанов, Сооронбай Жээнбеков, Бакыт Төрөбаев, Адахан Мадумаров жана Эрнис Зарлыков расмий түрдө президенттикке талапкер катары катталган.

Президенттик шайлоо 2017-жылдын 15-октябрына дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан