Мьянма - Түштүк-Чыгыш Азиядагы мамлекет. Ал батыш тарабынан Индия, Бангладеш менен түндүк-чыгыш тарабынан Кытай, чыгышы Лаос, түштүк-чыгыш тарабы Таиланд менен чектешет. Калкынын саны 52 миллионго жакын. Калкынын 89 пайызы - буддисттер, 4 пайызы - христиандар, 4 пайызы - мусулмандар, 1 пайызы анимисттер болсо калган 2 пайызы башка диндердин өкүлдөрү.
Акыркы убактарда интернеттеги социалдык тармактарга Мьянмадагы мусулмандарды массалык түрдө кыруу болуп жатат делген видеолор тарап, бул тууралуу дүйнөлүк ММКлар байма-бай чагылдыра баштады.
Мьянмада канча мусулман бар жана алар аталган мамлекетте кандай орунду ээлешет?
Мьянманын батышындагы Ракхайн же Аракан штатында ислам динин тутунган этникалык топ жашайт. "Рохинджа" деп аталган этникалык топто 1 миллиондой калк бар, акыркы жылдарда дагы миллионго жакын мусулман Бангладеш, Сауд Арабия, Малайзия, Пакистан өлкөлөрүнө качышкан.
Ракхайн - Мьянмадагы мусулмандар эң көп жайгашкан штат, калктын 52 пайызы буддисттер, 48 пайызы мусулмандар. Дүйнөлүк ММКлар жазгандай, Мьянмадагы рохинджа мусулмандарынын көбүнө Мьянманын атуулдугу берилген эмес. Алар атайын уруксаты жок мамлекеттин башка аймактарына көчө алышпайт, экиден ашык балалуу болууга жана жогорку билимге ээ болууга тыюу салынган. Расмий бийлик жана мьянмалыктар рохинджа Бангладештен көчүп келген легалсыз мигранттар деп эсептешет. Мындан улам Мьянмадагы буддисттер менен рохинджа этникалык тобунун ортосунда мурдатан эле бөлүнүү маселеси болуп келген.
Пикир келишпестик 2011-2012-жылдардан кийин Мьянмадагы аскердик бийлик жарандык өкмөткө өткөндөн кийин күчөгөн.
Азыркы чырдын келип чыгышы
Ушул жылдын 25-августунда Мьянма өкмөтүнүн куралдуу күчтөрү менен рохинджа мусулмандарынын ортосунда башталган кагылышуу азырынча тынчый элек. Жергиликтүү бийликтин чет элдик маалымат каражаттарына тараткан маалыматына ылайык, кагылышуу "рохинджа-согушкерлеринин" Ракхайн штатындагы бир нече полиция постуна жана аскердик казармаларга кол салуусунан башталган. Мьянманын аскердик күчтөрү тарабынан бул күнү 370 согушкерлер жок кылынган. Ал эми өкмөттүн куралдуу күчтөрүнүн 15 аскери каза болгон. Мындан тышкары согушкерлер жөнөкөй 14 жарандын өлүмүнө күнөөлөнүүдө.
2 тараптуу кагылышуудан кийин рохинджа этникалык тобундагы 73 миң адам Бангладештин чек арасын кесип өтүшкөн. Синьхуа агенттигине шилтеме берүү менен орусиялык маалымат каражаттары жазгандай, Наф дарыясын кесип өтүүдө кырктай адам сууга агып каза тапкан. Алардын басымдуу бөлүгү балдар жана аялдар. The Bangkok Post'тун маалыматы боюнча, өкмөттүн аскерлери рохинджанын куралсыз элин аял, жаш бала экендигине карабай атып, алардын үйлөрүн талкалап жок кылууда. Ошол эле учурда Мьянма өкмөтү мусулмандар өздөрүнүн кыштактарын өздөрү өрттөп жаткандыгын, ал эми куралдуу күчтөр жарандарды "террористтер менен экстремисттерден" коргоп жатат деген билдирүүнү жарыялаган.
Жалпысынан жаңжалдан 400дөн ашуун адам каза болгондугу айтылууда.