Талант Султанов премьер-министр Сапар Исаковдун кеӊешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу 4-сентябрда өкмөттүк аппараттан билдиришти.
Талант Султанов 1978-жылы туулган. Жогорку билимдүү, Гарвард, Колумбия, Сан-Франциско университеттеринде билим алган. "Таза коом" долбоорунда жумушчу топтун координатору. Буга чейин Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директору, Борбордук Азиядагы Америка университетинин каржы маселелери боюнча вице-президенти болуп иштеген.
Ошондой эле Вашингтондо Дүйнөлүк банктын штаб-квартирасында жана Алматыда аталган уюмдун Борбор Азиялык кеӊсесинде иштегени белгилүү болду.