Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Мьянмадагы абал тууралуу билдирүү жасады.
"Кыргыз Республикасы БУУнун жана Ислам кызматташтык уюмунун уставдарына ылайык, Мьянмадагы мусулмандар коомчулугу боюнча түзүлгөн кырдаалга катуу тынчсызданып жаткандыгын билдирет. Биздин мамлекет бардык тараптарды абалды тынчтык жолу менен жөнгө салууга чакырат", - деп жазылат мекеменин билдирүүсүндө.
Буга чейин маалымдалгандай, Мьянмадагы кагылышуудан улам өлкөдөн качкандардын саны 73 миңге жеткен. Жаңжал ушул жылдын 25-августунда мамлекеттеги аскерлер менен рохинджа этникалык тобунун ортосунда чыккан. Кагылышуудан 400дөн ашык адам каза болгондугу айтылууда.