Бүгүн, 5-сентябрда парламенттин тийиштүү комитетинде Бразилия, Марокко менен дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууну жактырды.
Маалыматка ылайык, аталган категориялардагы жарандар Бразилия жана Марокко өлкөлөрүндө 30 күн каттоосуз жүрө алышат. Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин депутаттары макулдашууну дароо 3 окууда кабыл алышты.
Кыргыз жана Бразилия өкмөтү макулдашууга ушул жылдын 26-апрелинде кол коюшкан. Ал эми Марокко өкмөтү менен 30-мартта Рабат шаарында кол коюлган.