Бүгүн, 5-сентябрда парламентте “Ата Мекен” фракциясынан депутат Аида Салянова көзү азиз акын Темирлан Ормуковду №1-СИЗОго камакка алуу чечими тарыхта болбогонун айтты.
“Бийликти сындап ыр жазып жүргөн Темирлан Ормуков деген акын бар. Анын көзү азиз, биринчи топтогу майып. Бүгүн Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту аны камакка алуу чечимин чыгарганын маалымат каражаттары жарыялады. Биз укук коргоо комитети болгондон кийин буга көңүл буруп коюшубуз керек. Бул боюнча комитеттин жетекчилери укук коргоо органдарынын иш аракеттери мыйзам чегинде жүргүзүлүп жатканын карап коюусун сунуштайт элем”, - деди ал.
Эске салсак, бүгүн Бишкектин Октябрь райондук соту Темирлан Ормуковду камакка алуу чечимин чыгарганын активист Адил Турдукулов жарыялаган. Соттун тийиштүү токтомунда Ормуковго издөө салынып, кармалгандан тарта Бишкек шаарындагы №1-СИЗОго 1 айга камакка алына турганы жазылган.