Бишкекте Алмазбек Атамбаев менен Шавкат Мирзийоевдин жолугушуусу өтүүдө

Бишкекте бүгүн, 5-сентябрда Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевдин жолугушуусу өтүүдө. Өлкө лидерлери тар чөйрөдө сүйлөшүү жүргүзүүдө.

Алмазбек Атамбаев бул күн тарыхый күн экенин белгилеп, бул күндү эки өлкөнүн эли 25 жыл күткөнүн айтты.

Мурда маалымдалгандай, бүгүнкү жолугушууда Кыргыз-Өзбек кызматташтыгы, анын ичинде саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыктын абалы талкууланат. Ошондой эле бир катар документтерге кол коюлары күтүлүүдө.

Айта кетсек, Өзбекстандын президентинин Кыргызга мамлекеттик иш сапары 5-6-сентябрга дайындалган. Мирзийоев Бишкекке бүгүн түшкө маал келди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан