Бүгүн, 6-сентябрда премьер-министр Сапар Исаков жана Кыргыз өлкөсүнө расмий иш сапары менен келген Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев баштаган өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусунда жолугушуу өттү.
Анда эки өлкөнүн чек ара маселесиндеги узакка созулган түшүнбөстүктөргө чекит коюу жолугушуунун негизги темаларынын бири катары каралды. Сүйлөшүүлөрдөн кийин Кыргыз жана Өзбек тарап, эки өлкөнүн чек аралаш райондорунун акимдеринин кеңешин түзүү меморандумуна кол коюшту. Бул жергиликтүү маселелерди жергиликтүү деңгээлде чечүүгө жол ачмакчы.
Меморандумга Өзбекстан тараптан премьер-министрдин биринчи орун басары Ачилбай Раматов, ал эми Кыргыз өкмөтү тараптан биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов кол коюшту.