"Өзбекстандын Сох району менен чектешкен Баткен облусундагы Бөжөй айылына өзүнчө электр энергиясы тартылып, жаңы мектеп ишке берилди. Мындан тышкары Бөжөй-Согот-Бел көз карандысыз жолу ишке берилип, Сох анклавын кесип өткөн жол менен жүрбөй калдык", - деп жазды бүгүн, 6-сентябрда порталдын окурманы "Элдик кабар" рубрикасына.
Анда маалымдалгандай, аталган айылда 123 түтүн жашайт. Буга чейин бөжөйлүктөр электр энергиясын Өзбекстан аркылуу алышкан.
"Бөжөй айылынын тургундары бул маселелердин чечилишине салым кошкондорго ыраазы. Жакшы кабарыбыз менен бөлүшкүбүз келди", - деп жазган окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.