Кыргыз-Өзбек чек арасындагы “Достук” өткөрмө бекети бүгүн, 6-сентябрда саат 18:20 чамаларында расмий ачылды. Ош шаардык мэриянын маалымат кызматынан SUPER.KG'ге билдиришкендей, өткөрмө бекетинин ачылышына Кыргыз мамлекети тараптан вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Ош облусунун башчысы Таалайбек Сарыбашов жана Жогорку Кеңештин айрым депутаттары катышты. Ал эми Өзбекстан тараптан бийлик өкүлдөрү да катышып сөз сүйлөштү.
"Алгач эки тараптан тең бийлик өкүлдөрү сөз сүйлөп, андан кийин Өзбекстан тарап кой союп кан чыгарышты. Учурда Өзбекстан тарапка өтүшүп, өзбек бийчилеринин ыр-бийлерине күбө болуп жатышат", - дешти мэриянын маалымат кызматынан.
Чек ара өткөрмө бекетинин ачылышына жалпысынан миңдей адам күбө болууда.
Аталган өткөрмө бекети Ош облусу менен Анжиян облусунун ортосундагы мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан. Буга чейин жарандар биринчи мамлекеттен экинчи мамлекетке өтүүдө телеграмма талап кылынып, кыйынчылыктарды жаратып келген. Мындан ары телеграмма талап кылынбайт.
Эскерте кетсек, 5-сентябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев Бишкекке расмий сапары менен келип мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев менен эки өлкөнүн кызматташтыгына байланышкан 12 документке кол коюшкан. Мирзийоев бүгүн да өкмөт башчы Сапар Исаков, Жогорку Кеңештин төрагасы жана фракция лидерлери менен жолугушуп андан кийин Өзбекстанга жөнөп кеткен.