Аксы районунун Итагар айылындагы Баба-Ата мазарына барган зыяратчылар менен мазардын шайыгынын ортосунда чыр чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 6-сентябрда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Итагар айылындагы мазарга жергиликтүүлөр 3-сентябрь күнү зыярат кылганы барышкан. Арасында аялдар да болгон. Ошол күнү мазардын шайыгы ордуна башка бирөөнү дайындап, өзү жеке иштерин бүтүрүүгө кеткен экен. Мазардагы шайык "аялдардын мазарга кирүүсү туура эмес" деген оюн айткан. Мындан улам ал жердеги адамдар менен шайыктын ортосунда түшүнбөстүк болуп, айтыша кетишкен. Бири-бирине кол көтөрүп мушташышкан эмес. Окуядан кийин жергиликтүүлөр шайыктын жана молдолордун тартибин карагыла деп участкалык милицияга кайрылышкан. Кийин айыл башчы элди чогултуп, бир бүтүмгө келип, ынтымакта тарап кетишкен", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Баба-Ата мазары Авлетим айыл аймагынын Итагар айылында жайгашкан.