Партиялык жана мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиев мындан 2 жыл мурун, 2015-жылы 7-сентябрда 96 жаш курагында дүйнө салган. Ал 1919-жылы 6-ноябрда Кочкор районунун Кочкор айылында жарык дүйнөгө келген. Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтун, Москвадагы мамлекеттик педагогикалык институтту жана жогорку партиялык мектепти бүтүргөн. Орто мектепте мугалим, партиянын райкомунда бөлүм башчынын орун басары, Кыргызстан коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин инструктору, жооптуу кызматчысы, "Советтик Кыргызстан" гезитинин редактору, партиянын Фрунзе шаардык комитетинин биринчи катчысы болуп иштеген. СССР жана Кыргыз ССР Жогорку Кеңешине 28 жолу, 1995-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болгон.
Турдакун Усубалиев 24 жыл, 5 ай, 24 күн Кыргызстан коммунисттик партиясынын биринчи катчылык кызматын аткарып (1961-1985), бийлик мөөнөтүнүн узактыгы боюнча бүткүл союздук рекорд койгон. Ал башкарган доорду азыр тарыхчылар советтик империянын жеткен чеги, дүйнөнү солкулдатып турган таасирдүү учуру деп мүнөздөшөт.
Адабиятчы, тарыхчы Осмонакун Ибрагимов Турдакун Усубалиевдин Кыргыз өлкөсүн башкарган мезгилин өзүнүн китептеринде "Күмүш кылым" деп атаган. Анын пикиринде, бул чейрек кылым кыргыз маданиятынын, экономикасынын жылдыздуу жылдары болуп саналат.