Өкмөттүн жаңы курамы ант берип жатат. Оппозициялык блоктун депутаттарынын көбү ордунда жок

Бүгүн, 7-сентябрда Жогорку Кеңеште премьер-министр Сапар Исаков баштаган өкмөттүн курамы ант берип жатат.

"Премьер-министрлик кызматына киришип жатып өз элимдин, Жогорку Кеңештин, президенттин алдында Конституцияны жана анын мыйзамдарын ыйык сактоого, өз милдеттеримди ак ниет, берилип аткарууга өлкөнүн элине кызмат кылууга ант берем. Берген антымды бузган учурда мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартылууга даярмын", - деп айтылат антта.

Ант берүү аземинде оппозициялык "Республика-Ата Журт", "Ата Мекен" жана "Өнүгүү-Прогресс" фракцияларынын депутаттарынын көбү ордунда жок.

Айта кетсек, 25-августта Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынында каттоодон өткөн 102 депутаттын 97си өкмөттүн курамына жана программасына "макул" деп, 5 депутат "каршы" деп добуш берген. 18 депутат добуш берүүгө катышкан эмес. Эртеси 26-августта президент Алмазбек Атамбаев өкмөттүн курамын бекитүү боюнча жарлыкка кол койгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан