Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Атамбаевдин башкаруусундагы алты жылда жетинчи жолу ант берди

Бүгүн, 7-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Сапар Исаков баштаган өкмөт мүчөлөрү ант берүүдө. Бул өкмөт жаңы курамда бир катар жаштар турганы менен өзгөчөлөнгөнү айтылган. 2011-жылдан тарта алты өкмөттө иштеген өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов бүгүн жетинчи жолу ант берүүдө. Кубатбек Боронов өлкөнү Алмазбек Атамбаев башкарган 6 жылда эң узак убакыт өкмөт курамында иштеп келе жаткан министр.

  1. 2011-жылы декабрь айында Өмүрбек Бабановдун өкмөтүнүн курамында,
  2. 2012-жылы сентябрь айында Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөтүнүн курамында,
  3. 2014-жылы март айында Жоомарт Оторбаевдин өкмөтүнүн курамында,
  4. 2015-жылы май айында Темир Сариевдин өкмөтүнүн курамында,
  5. 2016-жылы апрель айында Сооронбай Жээнбековдун өкмөтүнүн курамында,
  6. 2016-жылы ноябрь айында Сооронбай Жээнбековдун өкмөтүнүн курамында,
  7. 2017-жылы сентябрь айында Сапар Исаковдун өкмөтүнүн курамында.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан