Депутат: "Биздин айдоочулар Казакстандын аймагында кысымга учурап жатышат"

Бүгүн, 7-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында ар кандай маселелер каралууда. "Бир Бол" фракциясынан депутат Улугбек Ормонов Орусияга каттаган Кыргыз айдоочулары Казакстанда кысымга учурап жатканын айтып, тиешелүү тармактарды бул багытта иш жүргүзүүсүн суранды.

"Биздин Орусияга транспорт менен каттаган жарандар, Казакстандын аймагында аябай кысымга учурап жатканын айтып көп кайрылып жатышат. Биздин айдоочуларыбызды Казакстандын жол полициясы эч кандай себепсиз кармап, айыптарды салгандыгын баары айтып жатышат. Орусиянын аймагына өткөндө эч кандай маселе жок. Ал эми Казакстанда эле кысымга учурап жатат. Биздин тиешелүү бийлик органдары Казакстан менен сүйлөшүп, ушул маселени чечиши керек", - деди Ормонов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
abakan_19
2017-09-07 12:39:04
А балли бар экенго бизди ойлогондор
+1
sanchos1
2017-09-07 13:11:34
abakan_19, Туура айтасын, брат. Казакстандан чыкканча 5000 мин тенге беребиз, минимум. Бул деген 500 дон 10 жолу дегенди тушундурот. Эгер бул маселени чечебиз, оз козубуз менен королу десе бекер Москвага алып келмекмин, машинада.
+3
Hadyja
2017-09-07 16:20:11
Айдоочуну 10жодудай токтотуп,акча сурашкан,бироосу ачык эле 1000руб бер деген,экиден болуп иштешет,ар бирине оз озунчо берген.Жинин келет экен.
Бир озбек ата озунчо жук ташыцт экен,ал аларга бата берип эле басып кетти документ да корсотуон жок.
Россиянын,Кыргызстандын гана номерлуу машианаларын токтотушат экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан