Президенттик жарыштан четтетилген Исхак Масалиев БШКнын чечимине макул эмес. Бул тууралуу Масалиев 7-сентябрда маалымат жыйында билдирди.
"БШК менин жарандардан кол топтоо баракчаларымды "каржылык эреже бузулган" деп жокко чыгарды. 36 миң колдун 30 миңин жокко чыгарды. БШК добуштарды эмес, кагаз кантип жасалды деп текшерүүдө. Эгерде көз карандысыз делген БШК ушундай кадамга барса, сот деле бул чечимди күчүндө калтырышы мүмкүн", - деген Масалиев кол топтоо баракчаларын эсептөө процедурасында БШК мыйзамды бузду деп эсептейт. Эл өзү чече турган маселелерди БШК өзү билип чечип жатканын айтты.
Масалиев бул боюнча сотко кайрылат.