Бишкектеги "Тез жардам" кызматында учурда 38 бригада иштейт, бирок шаар тургундарын тейлөө үчүн дагы 86 бригада жетишпейт.
Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрда өткөн маалымат жыйынында Бишкектеги медициналык "Тез жардам" станциясынын башкы дарыгери Искендер Шаяхметов билдирди.
"Бишкекте 48 жаңы конуш бар. Ал эми калктын саны 1 миллион 245 миңди түзөт. Бир бригада 10 миң кишини тейлөөгө ылайыкталгандыктан, жалпы 124 бригада иштеши керек. "Тез жардам" кызматында иштеген кызматкерлердин айлыгы 4-5 миң сом болгондуктан 6 жыл медициналык билим алгандар бул жумушта иштегиси келбейт. Учурда бул кызматта 64 жумушчу оруну бар", - деди ал.
Искендер Шаяхметов медициналык "Тез жардам" элге акысыз көрсөтүлүшү керек экендигин, кээ бир кызматкерлер оорулуудан бензин куюп беришин талап кылган учурлар кездешерин кошумчалады.
Ал эми Бишкектеги медициналык "Тез жардам" станциясынын Кайра жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Егор Борисов өткөн жылы "Тез жардам" кызматында иштеген 17 дарыгер жардамга чакырган адамдар тарабынан физикалык жактан зыян көргөнүн, мындан улам анын төртөө өз каалоосу менен жумуштан кеткенин айтты.
Ал: "Тез жардам" кечигип барса, айрымдар ак халатчандарды сабап салышат. Кийин сотто ошол учурда мас абалында экенин айтып кутулушат. Алар дарыгерлердин жол тыгынынан улам кечигип жатканын түшүнүшпөйт. Кээ бир жаңы конуштарда көчөлөрдүн аттары жок болгондуктан ал жактан медициналык жардам сурап кайрылган адамдар кайсы жерде турганын так айта албай кыйналышат", - деп билдирди.