Тажик бийлиги калкын SMS аркылуу улуттук кийим кийүүгө чакырды

Тажик жарандары улуттук кийимин сыйлоого жана аны күнүмдүк турмушта кийип жүрүүгө үндөгөн SMS билдирүүлөрдү алышты. Ал билдирүүлөрдө "Келгиле, улуттук каада-салтыбызды сактайбыз", "Улуттук кийимди сыйлагыла", "Улуттук кийимди кийүү - милдет" деген билдирүүлөр жиберилгендигин чет элдик маалымат каражаттары жазууда.

"Биз "Тажиктелеком" жана башка уюлдук операторлорго расмий кат жибергенбиз. Анда алар бул SMS билдирүүлөрдү таратуу менен "Каада-салттарды жөнгө салуу" боюнча мыйзам долбоордун ишке ашышына өбөлгө түзүүсү керек экендиги айтылган. Бул мыйзам өлкөнүн жарандарын улуттук каада-салтты сактоого, улуттук тилди билүүгө жана улуттук кийимдерди кийүүгө милдеттендирет", - деп билдирген Тажикстандын Үй-бүлө жана аял иштери боюнча комитеттин өкүлү Махбуба Азимова.

Маалыматта жазылгандай, аталган комитет ушул жылдын июль айында активисттер менен рейд уюштурушкан. Анда комитеттин өкүлдөрү базарда, тигүү цехинде, кафелерде жана башка жерде иштеген аял кишилерди хиджаб кийүүдөн баш тартып, андан көрө улуттук кийимдерди кийип жоолукту моюнун жана бетин жаппай салынып алууга чакырышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
bekhaliev
2017-09-07 12:41:47
Булда болсо онугу
+4
Muratmipa
2017-09-07 15:51:45
Бизде озбектерге калпак кийгизиш керек
+1
moskoy
2017-09-08 01:33:02
Muratmipa,причем озбектер озубуз арабтын салбыр кийимин чумконбой калпак элечек кийип алалы да.
-1
ikitaidesu
2017-09-07 16:23:28
Бетин жабууга мен да кошулбайм, бирок мойнун жабыш керек! Бул Аллахым дын буйругу!!! Улуттук кийим кийип журсок кандай сонун. Каяктагы Европаны ээрчибей. Акыркы убакта Кыргыз орнаменти менен кийим кийгендер кобойуудо. Бул жакшы корунуш.
+2
bakulya2015
2017-09-07 17:17:05
Азаматсынар. Закон бекемда буларда.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан