Борбор Азиянын мыкты куруучу, архитекторлору Астанада жолугушат

Астанада 19-20-октябрда борбор азиялык "Commercial Real Estate Central Asia 2017" форуму өтөт. Борбор Азиядагы куруучулар, архитекторлор, ишкерлер жана мамлекеттик кызматтын өкүлдөрү заманбап технологияларды жайылтуу жолдорун талкуулашат.

Бишкек мэриясы 7-сентябрда билдиргендей, жолугушууга Канада, Улуу Британия, Сингапур, Кытай, Франция өӊдүү өлкөлөрдүн кыймылсыз мүлк жаатындагы эксперттери катышып, тажрыйбалары менен бөлүшөт. Форумда Орусия жана Борбор Азиядагы тездик менен өнүгүп жаткан шаарлардын башчыларынын жолугушуусу өтөрү айтылат маалыматта.

Уюштуруучулар Бишкектеги ири курулуш компанияларын форумдун алкагында өтүүчү сынакка чакырган.

Кыргызда курулуп жаткан көп кабаттуу имараттардын сырткы көрүнүшүндө өзгөчөлүк жок экенин, бир типтүү курулуштар басымдуулук кыларын айткандар көп. Имараттардын архитектуралык өзгөчөлүгүнө суроо-талап мурдагыга салыштырмалуу жогору.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан