Премьер-министр Сапар Исаков коомчулук өкмөттүн кандай чечимдерди кабыл алып жатканы боюнча кабардар болуп туруусу керек экенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 7-сентябрда өкмөттүн жетекчилери катышкан кеңешмеде билдирди.
Анын айтымында, өкмөттө интернеттеги социалдык тармактарда калтырылган арыздар менен иштеген бөлүм ачылат. Исаков өкмөттүн мүчөлөрүн ачык-айкын иштөөгө чакырды. Премьер-министр ачыктык саясаты үчүн бир нече министрлик, мекемелер иш алып бара турганын айтты. Алар Саламаттыкты сактоо министрлиги, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги, Экономика министрлиги, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Мамлекеттик каттоо кызматы, Мамлекеттик мүлктү башкаруу кызматы, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети.
Мындан тышкары премьер-министр көйгөйлөр менен маалымат каражаттары жана социалдык түйүндөр аркылуу таанышып турса боло турганын кошумчалады.