Бүгүн, 8-сентябрда коомдук ишмер Азимбек Бекназаров ага карата козголгон кылмыш иши тууралуу пикирин айтты.
“Мени "сотто көрсөтмө берип жатып калп айтты" деп кылмыш иши козголгонун өзүм басма сөз каражаттарынан уктум. Мага эч ким айткан жок, мына ушундай айтылгандан кийин чынбы, калппы билбей туруп пикиримди билдирип коёюн. Менин көрсөтмөм Өмүрбек Текебаевдин акталуусуна же камалуусуна себеп болсо анда кылмыш иши козголсо болмок. Мындай көрсөтмө үчүн кылмыш иши ачылганы өлкөбүздө буга чейин болгон эмес. Мени талапкер кылып каттап туруп анан шылдыңдагансып кылмыш иши ачып коюшту. Бул УКМКнын жана башкы прокурордун сабатсыздыгы", - деди Бекназаров.
"Алмазбек Атамбаев "мен эски саясатчылардын баарын алып кетем" деп өзү айтып жүрөт. Муну ошол аракеттеринин бири катары бааласак болот", - деп кошумчалады ал.