3-сентябрда өлкөнүн айрым аймактарында жергиликтүү кеңештерди шайлоо өткөн. Кара-Суу шаарында шайлоо учурунда журналисттерди коркуткан үч адам боюнча тергөө иштери башталды. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын жыйынында билдирди.
"3-сентябрда Кара-Сууда журналисттерди коркуткан адамдар боюнча иликтөө жүрүп жатат. 4-сентябрда арыз жазылган. Журналист менен оператордун денесине зыян келтирилгенин же келтирилбегенин аныктоо үчүн медициналык экспертиза дайындалган", - деди Курсан Асанов.
Эске сала кетсек, 3-сентябрда жергиликтүү кеңештерди шайлоо учурунда Кара-Суу шаарында НТС каналынын кабарчысы жана оператору коркутууга кабылган видео интернетке да тараган.