БУУ Мьянмадан чыккан качкындарга жардам катары 7 миллион доллар бөлүп берет

Бириккен улуттар уюмунун Өзгөчө кырдаалдарга көңүл буруу фондунан Мьянмадан чыккан качкындарга жардам катары 7 миллион доллар бөлүнөт.

Бул тууралуу БУУнун башкы катчысынын гуманитардык маселелер боюнча орун басары Марк Лоукок билдирген.

Маалыматка караганда, фонд кошумча качкындар лагери жана азык-түлүк берет. Ошондой эле медициналык жардам көрсөтүлөт.

Мындан сырткары Марк Лоукок качкындарга гуманитардык жардам көрсөтүп, алардын коопсуздугун камсыз кылууга чакырды.

Мьянмадагы аскер кызматкерлери Ракхайн штатында ислам согушкерлерине каршы операцияларды жүргүзүүдө. Расмий маалыматтар боюнча 400дөй адам каза болгону айтылып жатат. 146 миңден ашуун адам Мьянмадан чыгып Бангладешке кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Ali-han
2017-09-08 13:00:49
Эми ойгондунарбы
+1
JaneEr
2017-09-08 13:09:18
400 адам эмес 4000 ге жакынго
+4
Ayida
2017-09-08 16:34:46
3000 мин олду деген андан башка да толтура болсо керек тообо кылдым
0
barsa30
2017-09-08 19:10:47
ислам согушкерлерин эмес жөнөкөй мусулмандарды өлтүрүп атат деп атышат ко
+1
tyrgon
2017-09-08 22:14:26
ислам согушкерлери жанга батканда согушкер болобу же кандай?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан