Биз социалдык тармакта

Мексикада күчтүү жер титирөөдөн кийин цунами коркунучу жаралды

Мексикада катталган күчтүү жер титирөөдөн кийин цунами коркунучу жаралды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Мексиканын жээктеринде бүгүн, 8-сентябрда магнитудасы 8ге барабар болгон жер титирөө катталып, кеминде 2 киши каза болгон. Сейсмологдордун билдиргенине караганда, жакынкы сааттарда Латын Америкасынын бир катар өлкөлөрүндө цунами болушу мүмкүн.

"Цунаминин толкундарынын бийиктиги Мексикада 3 метрге чейин жетиши күтүлүүдө. Толкундар Аргентина, Гватемала, Эль-Сальвадор жана башка аймактарга да жетиши мүмкүн", - деп жазылат маалыматта.

Мындан сырткары синоптиктер Мексикага "Катя" бороону жакындап келе жатканын, анын ылдамдыгы учурда саатына 140 чакырымды түзүп, Мексиканын Тампико шаарынын түштүк-чыгыш тарабында экенин айтышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
nurik11-29
2017-09-08 13:52:19
булда болсо кудайдын жазасы!!!!
+1
nurik11-29
2017-09-08 13:53:10
жакында Обамаборооону каптайт баарын)))кайтар дуйно болот
0
Azatbek83
2017-09-08 15:42:03
Жанылыктарды окубай эле жашаш керек болуп калды.
+5
Boldukan86
2017-09-08 17:39:49
Бороон Мяьнмага отушту да унутпасын. Айрыкча борборго
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан