Колумбиялык белгилүү ырчы Шакиранын Бишкектеги концертине саналуу убакыт калганда кыргыздын улуттук аспабында чертилген күү анын музыканттарын суктандырды. "Үркөр" тобунун мүчөлөрү дүйнөлүк жылдыздын командасына темир ооз комуздарда күү чертип беришти. Бул тууралуу топтун өкүлдөрү социалдык тармактагы баракчасына видео жарыялашты.
"Шакиранын үн режиссёрлору менен таанышып, достоштук. Эң кызыгы, дүйнө жылдыздары менен иштешип жүргөн бул чыныгы профессионалдар "Үркөрдүн" музыкасын угуп, таанышууга чакырып, андан соң Шакира айымдын концертине конок катары бардык. Ким билет, мүмкүн бир күнү ушул адамдар тобубуздун концертине иштөөгө келишет... Тилек кылып, эмгектене берели",- деп жазылган билдирүүдө.
Эскерте кетсек, Шакира 18-октябрда "Бишкек Аренада" жеке концертин берди. Ал мунун Борбор Азиядагы алгачкы концерти.