Бүгүн, 8-сентябрда "Республика-Ата Журт" фракциясынын жыйынында Өмүрбек Бабанов Бажы кызматынын жетекчисинин орун басары Раим Матраимовду шайлоо иштерине, үгүт иштерине киришип жатат деп айыптап, фракция отурумунан ага ачык кайрылуу жасады.
"Мен атайын бардык Бажы кызматкерлерине кайрылып кетем. Өз ишиңерди жасагыла. Шайлоо бүтөт, шайлоодон кийин "Республика-Ата Журт" фракциясы парламентте иштейт. Шайлоодо ким, кандай мыйзам бузган кадамдарга барса, биз сөзсүз түрдө иш козготуп аягына жетебиз. Биринчи эскертүү - бул Матраимов Раимге, персоналдуу түрдө фракциядан мен кайрылып жатам. Ал киши жөнүндө, анын иши боюнча сөз көп. Айтыла турган сөздөрдүн баары али алдыда. Дагы бир жолу айтам, чектен чыгып кетти ал. Шайлоо убактысында токтобой дагы мыйзам бузууга барса, сөзсүз түрдө иш козготушубуз керек. Ал кишинин жоопкерчилигин карашыбыз керек. Кызматын таштап туруп, иштесин партияга эч ким каршы эмес, ачык иштесин. Эмне, Бажыда баары кыйрап жатабы, бажы төлөмдөрү ашып, бюджетке акча батпай жатабы? Бажыдагы коррупция жокко чыгып кеттиби? Ал жактагы коррупциянын атасы да, апасы да экенин элдин баары айтып жатат. Бул боюнча биздин фракция өзүнчө иш жүргүзөбүз. Министрлер, укук коргоо органдары, "шайлоо таза өтөт" деп Алмазбек Шаршенович элдин алдында туруп убада берген. Колдоп бергиле, ошол кишини", - деди Бабанов.
Ал эми мамлекеттик Бажы кызматынан Бабановдун бул пикири боюнча эч ким, эч кандай комментарий бербей турганын билдиришти.