Бүгүн, 8-сентябрда Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз, Тоң жана Түп райондорундагы үй-бүлөлүк дарыгерлердин топторуна Лада 21310 үлгүсүндөгү 14 автоунаа тапшырылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, унаалар "Саламаттыкты сактоо уюмдарынын автономиясы" долбоорунун алкагында, министрликтин жана Швейцариянын өкмөтүнүн каржылык жактан колдоосу менен ак халатчандарга берилди.
"Саламаттыкты сактоо министрлигинин статс-катчысы Жазгүл Кийизбаева жаңы унаалар дарыгерлердин алыскы аймактарда жашаган калкка тез жетип, медициналык жардамды убагында көрсөтүшүнө шарт түзөрүн айтты", - деп жазылат маалыматта.