Бүгүн, 8-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы отурумга чогулуп, президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген беш талапкерди 30 миң жарандын кол тамгаларын топтобогону үчүн каттоодон баш тартты. Алар:
Казыбек Шайымбетов топтогон бардык 38 миң 660 кол тамга жараксыз деп табылган.
Рита Карасартова БШКга 31 706 жарандын колу коюлган баракчаларды тапшырып, мунун ичинен 4680 жарандын кол тамгасы жараксыз деп табылган. 27 026 кол тамга жарактуу.
Талгатбек Кожогулов 34 027 жарандын колу коюлган баракчаларды тапшырып, 26 015 жарандын кол тамгасы жараксыз деп табылган. Жыйынтыгында жарактуу деп 8 012 гана кол тамга калган.
Кубан Чороев 40 224 жарандын колу коюлган баракчаларды тапшырса, 22 235 жарандын кол тамгасы жараксыз деп табылды. Жарактуусу - 17 989 кол тамга.
Темирбек Асанбеков чогулткан 33 миң кол тамганын 20 миңден ашыгы жарактуу деп табылган.
Айта кетсек, президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. БШК буга чейин 13 талапкерди каттаган. Алар: