Мамлекет башчы Нарын облусунун Чекилдек айылындагы мектептин ачылыш аземине катышты

Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 8-сентябрда Нарын облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында Кочкор районундагы Чекилдек айылынын К.Темиров атындагы мектебинин ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Өз сөзүндө президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттин өнүгүшүнө жана гүлдөп өсүшүнө билим негиз болорун белгиледи.

“Биздин келечегибиз - билимдүү кыргыздар. Ошондуктан билим берүү тармагы өзгөчө каржыланат. Бюджеттин 24 пайызынан ашыгы билим берүүгө жумшалат. Башка өлкөлөрдө бул тармак 3-4 гана пайыз каржыланат. Биз билимди баарынан бийик коюшубуз керек. Биздин келечегибиз – балдарыбыз”, - деди мамлекет башчысы.

Мамлекет башчысы жаңы мектептин имаратындагы окуу кабинеттерин, спорт залды кыдырып чыгып, ноутбук жана проектор сатып алууга белек катары сертификат тапшырды.

Маалыматка караганда, Нарын облусундагы Кочкор районунун Чекилдек айылындагы К.Темиров атындагы мектеп 150 окуучуга ылайыкталган. Долбоордун наркы 51 миллион сом.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан