III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2018-жылдын күз айларында өтөт. Аталган иш-чараны өткөрүүдө маселе жаралбоосу үчүн өкмөттүн алдында бардык зарыл болгон аракеттердин иш планын иштеп чыгуу милдети турганын өкмөт башчы Сапар Исаков 8-сентябрдагы жыйында билдирди.
Өкмөттүк аппараттан кабарлашкандай, Сапар Исаков иш-чараны өткөрүүдө мамлекеттин бюджетине оорчулук жаралбашы үчүн демөөрчүлөр менен иштешүүгө маани берүү керектигин белгиледи.
"Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү максатында өкмөт менен кызматташууга даяр компаниялар менен туура иш алып баруу зарыл. Бул өз ара пайдалуу кызматташуу болот. Иш-чараны өткөрүүдө мамлекеттик бюджетке оорчулук жаралбашы керек. Бул багытта кызматташууга кызыкдар өнөктөштөр жана демөөрчүлөр менен өз ара аракеттенүү маселелерин иштеп чыгуу маанилүү", - деди Исаков.
Өкмөт башчы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча министрликтердин жана мекемелердин алдына бир катар тапшырмаларды койду.