"Тумар" бийчилер тобу Орусияда өтүп жаткан эл аралык конгрессте катышуучуларга бий боюнча мастер-класс өтүүдө

"Тумар" бий тобу Орусиянын Екатеринбург шаарында өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын биринчи конгрессине катышууда. Бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрда топтун жетекчиси Эрмек Кадыров SUPER.KG порталына билдирди.

"Биз бул иш-чарага Кыргыз өлкөсүнүн атынан катышып жатабыз. Анын ачылышында бийчилерибиз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Учурда башка катышуучуларга бий боюнча мастер-класс өтүп жатабыз. Конгресстин алкагында 30 өлкөдөн келген делегациялардын ар бири бирден бак отургузабыз", - деди ал.

Эрмек Кадыровдун айтымында, 7-сентябрда башталган конгресске 30 өлкөдөн 711 адам катышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан