ЖЫЛНААМА, 9-СЕНТЯБРЬ: Акчаны жаман көргөндүктөн "Нобель" сыйлыгынан баш тарткан орус жазуучусу жана ойчул Лев Толстой 189 жыл мурун төрөлгөн

Атактуу орус жазуучусу жана ойчул Лев Толстой мындан 189 жыл мурун, 1828-жылы 9-сентябрда Орусиянын Тула губерниясындагы Ясная Поляна аймагында жарык дүйнөгө келген.

Маалыматтарга караганда, ал автордук укуктан баш тарткан биринчи жазуучу болгон. Ошондой эле мамлекеттик системге каршы чыгып, дыйкандардын тарабында болгон. Жазуучунун "Нобель" сыйлыгынан баш тартканы дагы белгилүү. Өзүн аталган сыйлыкка талапкер катары көрсөтүп жатышканын уккан Лев Толстой 1906-жылдын 7-октябрында фин жазуучусу Арвид Ярнефельтке сыйлыкты албай калышына жардам беришин суранып кат жазган. А.Ярнефельт анын сунушуна макул болуп, "Нобель" башка жазуучуга ыйгарылган. Ойчул акчанын жамандык алып келерине ишенгенинен улам сыйлыктан баш тартканын билдирген.

Жазуучу бала кезинен билим алууга умтулуп, англис, француз, немис, чех, серб, грек, латын, украин, татар, түрк, болгар жана италиялыктардын тилин билгендиги айтылат. Франция, Швейцария, Италия, Германия, Англия мамлекеттерин кыдырып, музыкага да кызыккан. Жазуучу 1851-жылдан тарта аскерде кызмат өтөп, 1853-жылы Крым согушунда Севастополду коргоого катышып, "Ыйык Анна" ордени менен сыйланган.
Белгилей кетсек, Лев Толстой "Согуш жана Тынчтык", "Анна Каренина", "Ажымурат" өңдүү алп чыгармаларды жараткан. Жазуучу 1910-жылы 20-ноябрда дүйнөдөн кайткан.
Лев Толстойдун белгилүү учкул сөздөрү:
  • "Ар бир адам адамзатты өзгөрткүсү келет, бирок эч ким өзүн өзгөртүү жөнүндө ойлонбойт"
  • "Күчтүү адамдар жөнөкөй болушат"
  • Баары план коюшат, бирок эч ким кечкиге чейин жашаарына кепилдик бере албайт"
  • "Сүйүүсүз жашоо жеңил, бирок ансыз өмүр сүрүүнүн мааниси жок"
  • "Өз үйүндө бактылуу болгон адам бактылуу"
  • "Сага бирөөнүн чыккынчылык кылышы колуңду сындырып кеткенге барабар. Кечирүүгө болот, бирок кучактай албайсың"
  • "Бактылуу адам башкаларга жамандык каалабайт"
  • "Кээ бир адамдар алгач ойлонуп, аны айтып анан ишке ашырышат. Башкалар сүйлөп, ишке ашырган соң ойлонушат"
  • "Өзүңөрдүн да, башкалардын да сөздөрүнө ишенбегиле. Силердин жана башкалардын жасаган иштерине ишенгиле"

9-сентябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
kychan.98
2017-09-09 18:51:18
Лев Толстой Ислам динин кабыл алган
+5
Medinaa
2017-09-09 20:46:46
Мусулман дегени чынбы?Ойлору абдан жакты.
+4
Han1
2017-09-10 01:16:23
Ажымурат кандай которудат
+1
surgeon777
2017-09-11 01:34:12
Рахмат Супер кызыктуу маалыматынарга...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан