“Саясий өңүттө камалгандардын баары бошотулуп, соттогон соттордун баары камалат” дейт Мадумаров

Бүгүн, 9-сентябрда Адахан Мадумаров маалымат жыйынын уюштуруп, партиялар менен биригүү жаатында саясий өңүттө камакка алынган саясатчылар боюнча маселе карала турганын айтты.

“Саясий өңүттө камалгандардын баары бошотулуп, соттогон соттордун баары камалат. Исмаил Исаковду, Феликс Куловду камаган соттор жоопкерчилик тартпай калып ушул абал кайталанып жатат. Бул сотторго сабак болушу керек”, - деди Мадумаров.

Мындан тышкары ал президенттик шайлоо таза өтөрүнө ишенбей турганын айтты. “Биздин өлкөдө 2 миллионго жетпеген шайлоочунун добушун бир жума эсептейт. 190 миллион добушу бар өлкөдө добуш берүүнүн жыйынтыгы бир саатта чыгат. Бул абийирсиздик. Мен мыйзам үчүн жан күйдүрүп шайлоонун таза өтөрү үчүн талапкерликтен баш тартып болсо да күрөшүүгө даярмын. Мен шайлоо таза өтөрүнө ишенбейм”, - деп кошумчалады Мадумаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан