Кара-Суудагы шайлоо ызы-чууга карабай өттү деп табылды

Бүгүн, 9-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда 3-сентябрдагы Кара-Суу шаардык кеңешин шайлоо боюнча маселе көтөрүлүп, 4 миң бюллетендин туура эмес чыгып калганынын себептери айтылды.

Бюллетендер "Учкун" басмаканасынан басылып чыгып, Кара-Суу шаарындагы 5 шайлоо участкасына таратылып берилгени маалымдалды. Бирок бюллетендер аппаратка батпай калгандыктан шайлоонун жүрүшүн токтотпоо максатында бюллетендер кесилип салынганы айтылды.

БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова бюллетендерди кесүүгө ким буйрук бергенине кызыкты. "Бюллетень аппаратка батпай калса, аны кесип отурбай урнага салуу керек болчу. Сиздерге кескиле деп ким буйрук берди?" - деди Абдрахматова.

Кара-Суу шаарындагы №55-шайлоо участкасынын өкүлү буйрук БШК тарабынан берилгенин билдирди. БШКнын дагы бир мүчөсү Назарали Арипов бюллетендерди туура эмес чыгарган "Учкун" басмаканасынын кызматкерлерине чара көрүлүүсүн талап кылды.

Талкуунун жыйынтыгында БШК Кара-Суудагы шайлоо өттү деп тапты.

Эске сала кетсек, Кара-Суу шаардык кеңешине шайлоо 3-сентябрда өткөн. БШКнын маалыматы боюнча, Кара-Суу шаарында 6 шайлоо участогунда 9 миңден ашуун шайлоочу добуш берген. Кечээ Жогорку Кеңештин оппозициялык "Республика-Ата Журт" фракциясынын жыйынында бул маселе көтөрүлгөн.

 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
bekhaliev
2017-09-09 22:48:33
Ээмии тоону корсотуп мыно колдесенер аа бул кол дейбиста
+1
haydarkan
2017-09-10 00:35:50
Ушул президенттик жана ЖК депуиаттарын жылын шайлай турган кылыш керек болуп калды. Себеби шайлоого жакын буларын пенсия,пособия жана айлыктарды которушот. Шайлоо отту унутуп калышат элди. Ошого кандай дейсинер??
+2
haydarkan
2017-09-10 00:42:28
Бир жылда бир шайлоо откоруп турбайлыбы
+2
tursunbaev78
2017-09-10 01:03:28
Админ.президенттик шайлоого үгүт иштери башталдыбы?
+4
admin_superstan
2017-09-12 11:17:56
tursunbaev78, саламатсызбы! Ооба, башталган.
0
Patriot7
2017-09-10 09:50:15
Эгемен Кыргызстан тарыхында адилет БШК болгон эмес, баары "дужур" БШК болгон. Бул БШК да эн ыплас, эн караозгой БШК!!! Кара-Суудагы шайлоодо толтура мыйхам бузуулар орун алып, алар козуно сайылып корсотулсо да БШК ал шайлоону отту деп таануусу, бул БШК мучолорунун орду абакта экенинен кабар берет....

Ушунун баарын коруп биле туруп эртенки президенттик шайлоо таза отот деп ишенгендерге тан каламын....
+4
bakulya2015
2017-09-10 18:27:40
Угут иштери болбой эле койсунчу андай кылам мындай кылам дешет бирок эл ишенбей калды. Шайлоо жыйынтыгы уже чыгып болдуго ким экени дайын болду. Бирок арам шайлангандарга кудай бар эл шайлагандарды шайлабай оздору коюп кетип жатат азыркы бийлик.
0
salman-dastan
2017-09-11 17:54:33
Анан кайсы партия отту деп жатышат КараСууда?мен тушунбодум.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан