"Президенттик шайлоодо кимге добуш бересиз?" сурамжылоосунун 2-айлампасы жыйынтыкталды. 28-августта башталган соңку 2 аптанын ичинде Өмүрбек Бабанов 1-орунду, Бакыт Төрөбаев 2-орунду туруктуу ээлеп жатты. Ал эми алдынкы үчилтикти 2-айлампанын биринчи аптасында Канат Исаев, экинчи аптасында Адахан Мадумаров толуктады. Бүгүн жыйынтыкталган сурамжылоонун 2-айлампасы боюнча рейтинг менен толук түрдө бул шилтемеден тааныша аласыз.
Сурамжылоонун жаңы айлампасы эртең, 11-сентябрь күнү башталат.
Президенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына жалпы 59 талапкер арызын берген. 10-сентябрга дейре талапкерлер ар кандай себептер менен жарыштан четтетилип отуруп, шайлоого президенттикке 13 талапкер катышары белгилүү болду.