Бишкекте укук коргоо органдары системиндеги реформалар боюнча маалымат жыйын өтүүдө

Бүгүн, 11-сентябрда Укук коргоо органдарынын системиндеги реформа аталышындагы тегерек стол өткөрүлүүдө.

Жыйынга президент Алмазбек Атамбаев, премьер-министр Сапар Исаков, вице-премьер министр Темир Жумакадыров, президенттик аппараттын башчысы Алмаз Усенов, Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева, Башкы прокурор Индира Жолдубаева, УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев, ички иштер министри Улан Исраилов жана Жогорку кеңештин депутаттары, ошондой эле облус башчылары, шаар мэрлери катышууда.

Иш-чаранын жүрүшүндө вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев:

"Өлкө аймагында атайын штабдар түзүлүп электр энергия, коопсуздук, өрттөн сактануу чаралары камсыздалды. Шайлоонун жүрүшүнө терс таасирин тийгизе турган кооптонуу жок. Шайлоонун жүрүшүндө административдик ресурстарга жол бербөө аракети көрүлүүдө. Шайлоого 2 миллион 914 миң 586 шайлоочу катышат. Шайлоо учурунда өлкөнүн бардык аймактары катуу көзөмөлгө алынат", - деп билдирди Зилалиев.

"Жакында өтүүчү шайлоо таза өтсө эл кабыл алат. Таза өтпөсө эл кабыл албайт. Ошондуктан шайлоо таза өтүш керек", - деди Атамбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан