Бүгүн, 11-сентябрда парламенттин тийиштүү комитети экономика министри Артем Новиков жыйынга келбегенине байланыштуу лицензиялык-уруксат берүү боюнча мыйзам долбоорун караган жок. Анын ордуна келген министрдин орун басары Новиков коопсуздук кеңештин жыйынына катышып жатканын айтты. Мыйзам долбоор Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин 4-сентябрда өткөн жыйынында дагы каралган эмес. Себеби министр башка комитеттин жыйынына катышкан.
Мыйзам долбоордо лицензиялык талаптарды бузгандык үчүн таасир берүүчү чараларды киргизүү жана лицензиялануучу иштердин санын кыскартуу сунушталууда. Маалыматка ылайык, бул сунуштар административдик тоскоолдуктарды азайтууга алып келет жана өлкөдө ишкерликтин өнүгүшүнө, өсүшүнө жаңы дем берет.