Парламентте өлкөдөгү 4 шаарды таза суу менен камсыз кылууга багытталган мыйзам долбоорлору жактырылды

Бүгүн, 11-сентябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде Өзгөн, Майлуу-Суу, Токтогул, Балыкчы шаарларын таза суу менен камсыз кылууга багытталган мыйзам долбоорлору жактырылды.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаев билдиргендей, ратификациядагы насыялык макулдашууларда аталган шаарларды таза суу менен камсыздоого коротулган каражаттарды 15 жана 25 жылдык мөөнөттө төлөө белгиленген.

Макулдашуулардын негизинде, Өзгөн шаарын таза суу менен камсыздап, канализациясын оңдоп-түзөөгө 8 миллион 500 миң евро жана 2 миллион 75 миң доллар, Майлуу-Суу шаарына 6 миллион 65 миң евро жана 1 миллион 6 миң доллар, Токтогул шаарына 5 миллион 3 миң евро жана 1 миллион доллар, Балыкчыга 5 миллион евро жана 1 миллион доллар өлчөмүндөгү кредиттик жана гранттык каражаттар берилет.

Талкууда долбоорлор жүзөгө ашкандан кийин таза сууга болгон тариф 104 пайызга жогорулай тургандыгы жана насыялык төлөмдөр таза суу төлөмүнүн эсебинен төлөнө тургандыгы белгилүү болду. “Бир Бол” фракциясынан депутат Алмасбек Акматов "Таза суу үчүн төлөмдү жергиликтүү калк жаңы тариф менен төлөй алабы?" - деген суроо берди. Шаардын мэрлери элге бул боюнча маалымат берилип, төлөй ала тургандыктарын айтышканын билдиришти. Жыйынтыгында мыйзам долбоорлор биринчи окууда жактырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан