Бишкек-Торугарт унаа жолунда иштеген ишкерлерге мыйзамсыз соода түйүндөрүн, тез тамактануучу жайларын алуу талабы коюлду

Бишкек-Торугарт унаа жолунда мыйзамсыз соода түйүндөрүн орнотуп алган соодагерлерге эскертүү берилди. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Торугарт унаа жолунун 101-120-чакырымындагы унаа өтүүчү жолдун жээгинде мыйзамсыз курулуштар орнотулган.

"Жолдун жээгине айыл тургундары өз билемдик менен курулуштарды куруп, мыйзамсыз соода-сатык жайларын орнотуп алышкан. Буга чейин бир нече жолу эскертүү берилгени менен, ишкерлер жолдун жээгиндеги жеңил курулуштарды алган эмес. Мындан ары ишкерлерге бир айлык мөөнөт берилди. Берилген мөөнөттүн ичинде жолдун жээгиндеги баш аламан жайгашкан тез тамактануучу жайларды алып, иретке келтирүү талап кылынды", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан