23-майда Нарын районуна караштуу Жан-Булак айылындагы А.Жутакеев атындагы орто мектепте башталгыч класстын окуучулары арасында “Мини Мисс-2013” сынагы болуп өттү. "Энелер күнүнө" карата уюштурулган сынактын тапшырмалары окуучу кыздардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша берилди.
“Кароо-сынакты өткөрүүнүн максаты - кыздарды кичинесинен эмгекке тартуу жана апалардын ар бир эмгегин баалоого үйрөтүү болуп саналат. Ошондой эле кыз балага тиешелүү болгон тазалык, жоопкерчиликтүүлүк, тыкандык сыяктуу сапаттарды сынактын алкагында түшүндүрүүнү да максат кылдык”,- деп билдирди аталган мектептин мугалими Астра Асанкожоева. Жыйынтыгында баш байгени 3-класстын окуучусу Чолпонбек кызы Мээрим жеңип, “Мини Мисс-2013” аталды. Биринчи орунду 2-класстын окуучусу Алтынбек кызы Баяна, экинчи орунду 2-класстын окуучусу Марс кызы Аманда, ал эми үчүнчү орунду 3-класста окуган Тилек кызы Аймаанай жеңип алды.