Депутат: "Кыргыз тилин өнүктүрүүгө миллиондогон акча которулууда, бирок майнап чыкпай жатат"

Жогорку Кеңештин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Зиядин Жамалдинов кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн чоң суммадагы акча каражаты которулуп жатса да натыйжа болбой жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 13-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Каржы министринин орун басары Алмаз Азимовдун айтымында, 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн Улуттук программасына бүгүнкү күнгө чейин 142 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөнүн билдирди.

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев билдиргендей, каражат Билим берүү жана илим министрлигине, Маданият, маалымат жана туризм министрлигине, Улуттук илимдер академиясына жана Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясына бөлүнгөн. "Комиссияга өткөн жылы 1 миллион 470 миң сом бөлүнгөн. Бул акчага былтыр 90 наамдагы китеп жарык көрдү. Быйылкы жылга 6 миллион 800 миң сом каралган. Ага Эгемендүүлүк күнүнө карата 26 китеп жарык көрдү", - деди Ишекеев.

Депутат Зиядин Жамалдинов бул китептерди чыгаруудан канча адам кыргыз тилин үйрөнгөнүн сурады. Ишекеев бул боюнча статистикалык маалыматы жок экенин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Hadyja
2017-09-13 11:43:07
Мамлекеттик ишканалар миллиондоп эле коротушканын айтышат:жолдорубуз ангыл-донгул,мектептерде китеп жок,ооруканаларда мед жабдыктар жок,жаны мам ишканалар ачыла элек,.Кайда кетип атат миллиондор?
Отчет бергендеринерди окуп,угуп,тан калгандан башка арга жок.
+1
toktor89
2017-09-13 12:12:27
Hadyja,баарынын чонтогуно кетип атат да коздорун май баскырлар. 1миллион болсо анын жарымынан кобун чонтоко сокмой.
Айтмакчы автобус айдаган аксакал особняк салды бирок анын айлыгы болгону 10мин сом. Бул акчага мен курсагым зорго тоет.
Демек биздин олкодо коррупсиясыз жашоо отпойт!

Кыргыз тил дейт. Детский садикти коп ачып анын баарын орусча кылышсын коробуз анан. Келечекте кыргызча суйлогон кыргыз калаар бекен...
+1
marselkalmurzaevkg
2017-09-13 12:36:53
Кыргыздардын баары эле орусча суйлошуп калса кантип онукмок эле
+1
Jarookerjan
2017-09-13 13:13:17
Кыргыз тилин онуктуруу учун,кочолордун,парктардын,аялдамалардын,ишканалардын аталыштарын,корнок жарнак тактайчаларын да кыргыз тилинде жазып чыгууга аракет кылышса жакшы натыйжа бермек.Себеби Бишкек тарапта орус тили,туштук тарапта озбек тили басымдуулук кылат.
+1
bakulya2015
2017-09-13 17:08:42
Кызык оз тилибизди онуктуруу учунда акча коротушабы?
0
Miru
2017-09-14 16:40:02
Кыргыз тилин онуктуруу учун да акча болобу? Бул акчаларды жеп эле жок кылып жатышат. Андан коро акча болбой эле, жумушка кирем деп же башка иштер менен келет. Кыргызча суйлоп тургун суйлойт озу эле. Мен озум атайын сынап коргом бир орусту. Мага жылдык отчет тапшырганы келди суйлосом "я по киргизски ничего не понимаю" дейт шашпа дедим да мен орусча ничего не понимаю дедим жаны бар экен ар бир цифрасын кыргызча сайрадыго.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан