Депутат жаңы Конституциядан ката тапты

Бүгүн, 13-сентябрда парламент жыйынында “Бир Бол” фракциясынан депутат Мыктыбек Абдылдаев Конституцияда гимндин жазылышында ката бар экенин айтты.

“Менин колумда ката менен жазылган Конституция турат. Муну жеке менчик басылма чыгарганбы же мамлекеттикпи? Кыргыз гимнинин кайырмасында “өркүндөй бер” дегени “үркүндөй бер” деп туура эмес жазылыптыр. Бул саясий ката болуп эсептелет. Аталган ката бир нече жолу кайталаныптыр”, - деди ал.

Андан соң депутат колундагы катасы бар Конституция китепчесин Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеевге берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан