ЖЫЛНААМА, 14-СЕНТЯБРЬ: Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров 53 жашка толду

Мындан 53 жыл мурун, 1964-жылы 14-сентябрда саясий ишмер Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулган. 1986-жылы Фрунзе шаарындагы Политехникалык институтун, 2002-жылы Бишкектеги Финансы-экономикалык академиясын бүтүрүп, менеджментти уюштуруу кесибине ээ болгон.

Акылбек Жапаров алгач Фрунзедеги Политехникалык институттун унаа жолдору кафедрасынын кенже илимий кызматкери болуп иштеген. Кийин биринчи вице-премьер-министрдин жардамчысы, Мамлекеттик башкы салык инспекциясынын инспектору, Финансы министрлигине караштуу мамлекеттик салык инспекциясынын төлөмдөрдү өндүрүү боюнча башкармалыгынын башчысы болгон.
2000-жылдан 2005-жылга чейин Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты,
2005-жылдан 2007-жылга чейин экономика жана финансы министри,
2007-жылдын 7-февралынан декабрь айына чейин – финансы министри,
2007-жылдын 27-декабрында Соода жана экономикалык өнүгүү министри болуп дайындалып, 2009-жылы 20-октябрда отставкага кеткен.
2009-жылдын 22-октябрынан 2010-жылдын апрель айына чейин биринчи вице-премьер-министр,
2010-жылдын 10-ноябрынан 2011-жылдын 23-декабрына чейин V чакырылыштагы “Ар-намыс” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты,
2011-жылдын 23-декабрынан 2012-жылдын 4-сентябрына чейин каржы министри,
2015-жылдын октябрь айынан тарта бүгүнкү күнгө чейин VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин "Бир Бол" фракциясынан депутаты.
2017-жылдын май айында А.Жапаровго карата "Коррупция" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.
14-сентябрдын жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан